Бир эже карызымды товар менен төлөп бергениме карабай арыз жазып салды
Мен бир эже менен косметика саткан компанияда чогуу иштеп ага 12 миң сом карыз болуп калгам. Убагында кайтара албай убакыт өтүп кетти. Мен ага 15 мн сомдук товар бердим. Бирок ал "товар албайм, акчасын бер",-деп милицияга арыз жазып салыптыр. Укук коргоо органдарына товар менен төлөдүм десем болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Карыз маселесин укук коргоо органдары кароосу туура эмес. Эгер сизди милицияга чыкырып сурак кылышса, карызга акча алганыңызды жана кайтарып берүүгө аракет кылып жатканыңызды айтыңыз. Айтайын дегеним, сизди туура түшүнгөн болсом, алдамчылык жолу менен акча алган эмессиз. Ал эми товар менен кайтаруу ортодо макулдашуу менен чечилүүчү маселе.