// //

Өзүмдүн апам мага өгөй кызындай мамиле кылат, эмнеге мындай?

2020.03.17, 11:03
1567

Менин апам, өзүмдүн эле энем, бирок, мага өгөй кызындай мамиле кылат. Байкем, инилеримдин алдында башкача сүйлөр, мага келгенде өзгөрөт. Басынтып, кагып-силке берет.

Мисалы мени жаман сөздөр менен урушуп жатканда атам кирип келсе “оку, оку деп жатам, жакшы болсун деп” – демиш болот, анан атам да ага кошулуп мени жемелейт.

Иштегим келет. Официант болуп жумушка орношуп, бир аз акча таап баштагам. Анда да урушуп жатып ишимен чыгарып алышкан.

Апама жеке сырларымды айтпайм, бир нерсе десем эле атама баарын жеткирип салат. Жиндерин менден чыгарышат. Эжем “өзүңдө да бар, тил кайтарсаң керек да” деп айтат. Чынында жөн сүйлөй албайм. Берген суроосуна гана жооп берем, андан аркысын сүйлөгүм келбейт.

Үйдо жалгыз кызмын. Эми жуучулар да келе башташты. Мен турмушка чыккым келбейт, 18ге эми гана чыктым.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.03.2020, 11:04

Асель Баимбетова

Психолог

Үй-бүлөңүздө өзүңүздү ыңгайсыз сезгениңиз абдан кейиштүү. Менимче сиз башкача жашоону каалайсыз, бирок ата-энеңиз сизге уруксат бербей жатышат, иштеп өз алдынча болушуңузга да каршы экен.

Эжеңиз менен сырдаш болсоңуз анын пикирин угуп көрүңүз, сизге колдоо керек экенин айтыңыз. Эмнени туура эмес кылып жатканыңызды, ата-энеңиз менен пикири келишпестиктерде кайсы жеринен сизден ката кетип жатат, кызыгып сураңыз.

Ошондой эле курбуларыңыздын үй-бүлөлөрүндө абал кандай, ата-энеси менен мамилеси жакшыбы, пикир келишпестиктер болгондо алар эмне кылышат? Ушулар туурасында сурап көрүңүз. Бул сизге өзүңүздүн абалыңызды кененирээк түшүнүүгө жардам берет.

Азыркы тапта сиздин өспүрүм курагыңыз соңуна чыккан чак. Дагы деле гормондор толкуп, жалпы эмоционалдык абалыңызга өз таасирин тийгизип жатат. Мындайда адамдар кадимки көрүнүштү курчураак кабыл алышат. Жакындарыңыз менен көбүрөөк сүйлөшүңүз. Шартыңыз болсо психологго кайрылыңыз.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт