Үч балам менен времянкада жашайбыз. Мен жөлөкпул алаламбы?
Саламатсызбы! Мен азыркы учурда декретте отурам. Үч балам бар, үчүнчүсүн декабрда төрөдүм. Өзүм мамлекеттик жумушта иштечүмүн. Ал жерден 7500 сом өлчөмүндөгү бир эле жолу декреттик акча беришкен. Эми мен балдарыма жөлөкпул чыгарсам болобу? Жолдошум ден соолугуна байланыштуу иштебейт. Үйүбүз, машинабыз жок. Кайын инимдин времянкасында жашайбыз.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн керектүү документтер тизмесин топтоп, факт жүзүндө жашаган жериңиз боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылыңыз.
Ал эми күйөөңүз иштебесе, шаардык жана райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында атайын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнө барып каттоого турат. Ал жерде бекер курстар окутулат, барып окуудан өтсө, жумуш таап берүүгө көмөктөшүшөт.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.