Эмне үчүн эркектер аялы бар болсо деле порно көрүшөт? Психологдун жообу
Саламатсызбы. Күйөөм телефондон порно көрөт. Бир-эки жолу байкап калып, мындайды көрбөй эле койчу, деп айтсам, телефонуна пароль коюп, мени менен сүйлөшпөй койгон.
Ичимен эзилип, бир чети кыйналсам, бир чети кызганам. Башка аялдардын жылаңач денесине суктанып карайт, ал эми мага такыр көңүл бурбайт. Үйлөнгөнүбүзгө 2,5 жыл эле болду. Айына ашып кетсе 3-4 жолу гана кошулабыз.
Бул ооруну калтыруунун айласы барбы? Адистен кеңеш алгым келет.
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык!
Күйөөңүздүн порно көргөнү оору эмес. Эркектердин көбү эле көрөт. Ал эми реалдуу секстин ордуна порно көрүүнү тандаган мырзалар, чыныгы жакындыкка муктаж эмес. Адамдар менен жакындан мамиле куруу бала кезинен калыптанбаса керек. Бирок жакшы жаңылык, аны калыптандыруу эч качан кеч эмес!
Күйөөңүзгө виртуалдык дүйнө кызыктуураак, себеби уят видео көрүү үчүн эч кандай ойлонуунун, аракет кылуунун, энергия коротуунун зарылчылыгы жок. Ал эми реалдуу жашоо андай эмес.
Өзүңдүн керектөөңдү жана каалооңду кандыруу үчүн күч коротуп, аракет кылуу керек. Ошондуктан мындай эркектер оңоюна жана тезирээк натыйжа бере турган нерсеге качырышат.
Сиз кантип жардам бере аласыз?
Алгач, өзүңүздүн сезимдериңиз тууралуу ачык айтыңыз. Күйөөңүз сиз үчүн канчалык маанилүү жана кымбат экенин билдириңиз. Порнография көргөн эркектер бардыгын ачык жана айкын көргүсү келет. Ошондуктан төшөк жаатында сиз да тартынбастан, өзүңүздү эркин алып жүрүңүз.
Порнокинолорду аны менен бирге көрүүнү сунуштаңыз. Күйөөңүзгө кандай учурлары көбүрөөк жагаарын байкаңыз. Булар аркылуу анын сексуалдык фантазияларын орундатуу үчүн керектүү маалымат чогултуп алсаңыз болот.
Ийгилик!
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.