Кызымдын тырмагын эки жылдан бери ала элекмин, жеп коет
Саламатсызбы. Кызым төрт жашта. Эки жылдан бери тырмагын ала элекмин. Кичине өссо эле жеп коет. Эмне кылыш керек билбей турам?
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Саламатчылык. Биринчи кезекте үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, анализ тапшырып, ичинде курт бар-жогун аныктоо керек. Педиатр “гильменттерди” аныктоочу анализге жолдомо берет. Гильменттер бул аскарда жана астрица курттары. Бала тырмагын жеп жатышынын бирден-бир себеби ошондо.
Тырмак жегендик абдан жаман адат. Анткени ал колу менен ар нерсени кармайт, ит-мышыкты сылап, топуракта ойнойт. Тырмагынын алдына чогулуп калган кирдин барын оозуна салат.
Кызыңызды урушпаңыз, 4 жашка чыкса, кеп-сөздү түшүнүп калган кези. Жайдары эмне үчүн тырмак жеген жаман экенин айтып бериңиз.
Тырмак жегенин дагы бир себеби психологиялык. Балким кимдир бирөө катуураак урушуп койгон, же баланын жашоосунда бир нерсе өзгөрүп, катуу стресске дуушар болду.
Мүмкүн болушунча эмоционалдык жактан комфорттуу чөйрө түзүп, баланын маанайын, жүрүм-турумун байкап туруңуз.