Жыныстык катнашка бардым, бул иш менин каалоом менен болгон жок
Жашым 22де. Жогорку окуу жайда билим алам. Мени көптөн бери түйшөлткөн бир көйгөй бар. Жигитим менен кошулуп, намысымды жоготуп алдым. Бул иш менин каалоом менен болгон жок. Азыр ал адамга такыр көңүлүм жок. Акыркы күндөрү бардык нерседен тажап, сыгылып, ичимен сызып, жерге батпай калгандаймын. Жашоом маанисиз эле өтүп жатат. Суранам, мага кеңеш бериңизчи. Кийинки тагдырым кандай болот?
Асель Баимбетова
Психолог
Сиз бой жеткен адамсыз, жыныстык катнаш каалабасаңыз да болду. Демек, сизге карата сексуалдык зомбулук орун алган. Сиз болгону буларды ачык айтып, өз аты менен атагандан тартынып жатасыз.
Зомбулукка кабылганыңызга карабастан жигитиңиз менен мамилени улантып жатат окшойсуз. Ошондон улам өзүңүздү аябай жаман сезип жатасыз.
Сиз өзүңүздүн принциптериңизди, жашоого болгон көз карашыңызды, баалуулуктарыңызды буздуңуз, мунун бардыгы сиздин жан дүйнөңүз үчүн жагымсыз иш болууда.
Менин сизге боорум ооруп жатат. Сиз чыныгы сезим ушундай болот окшойт деп алдандыңыз. Өзүңүздүн пикриңизди жана каалооңузду коргой алган жоксуз.
Алгач жакшылап ойлонуп көрүңүз. Бул адам менен мамилени улантууну каалайсызбы? Жок, каалабайм деген чечимге келсениз, оюңузду ачык билдириңиз. Сиз ал балага турмушка чыгууга милдеттүү эмессиз, бул биринчиден.
Экинчиден, сиз сөзсүз сизди жакшы көргөн, сыйлаган жигитке туш болосуз. Кийинки тагдырыңыз сизден гана көз каранды. Өзүңүздү жемелебеңиз, күнөөлөбөңүз. Эч качан өз укугунузду тебелетпеңиз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.