Бир жарым жаштагы балам такыр тамак ичпей жатат. Эмне кылсам болот?
Балам 1 жаш 4 ай болуп калды. Азыркыга чейин эмет, кошумча тамак жебей жатат. Түрдүү тамак жасап берсем да, кыйнап оозуна салсам да кайра түкүрүп салат. Салмагы да жетишсиз, болгону 9 кг. Эмне кылышым керек?
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Кээде балдарда өзүнөн-өзү тамака табити жок болот. Алар чоңдордун тамагынан баш тартып, эмчек эле эмгиси келет.
Албетте азыр жаз келди, кыштан кийин витамин жетишсиз болуп жатат. Салмагынын аздыгы ошого да байланыштуу болушу мүмкүн. Жашаган жериңизге караштуу педиатрга кайрылып, витамин Д, кальций алып берип көрүңүз.
Д витамини жана кальций жетишсиз болгон учурда бала шалдырап, табити жоголот, негизсиз ыйлай берет. Ошондой эле, баланы башка балдарга аралаштырып көрүңүз. Адатта өзү теңдүүлөрдүн тамак жеп жатканын көргөн бала кошо тамактана баштайт.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан окусаңыз болот:
Бир жашка чейин балага кандай тамак берсе болот? Педиатр айтып берет