// //

Төшөккө заара кылып койгонумду билбей калам, күйөөмөн аябай уялам

2020.03.12, 13:15
1787

Саламатсызбы. Суроомду чыгарып бериңизчи, сураныч. Суроом гинекологго: түнкүсүн заарамды кармай албай жатам. Эч жерим деле оорубайт, суюктук көп ичпейм. Уктап турсам эле төшөгүм суу болуп калган болот.

Учурда эки балам бар. Экинчисин төрөгөнүмө бир ай болду. Бирок бул көрүнүш турмушка чыккандан бери эле болуп жатат.

Кайын журт менен тургандыктан алардан, өзгөчө күйөөмөн аябай уялам. Үй-бүлөлүк дарыгерге көрүнгөм, ал дарыларды жазып берген, молдого да барып дем салдырып жүрдүм. Эч нерсе жардам берген жок.

Эмне кылам, кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.03.2020, 13:19

Азат Бейшенов

“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог

Саламатчылык. Бул суроо менен гинекологго эмес урологго кайрылуу керек. Сиздин ооруңуздун аталышы “стрессовое недержание мочи”. Көбүнчө улгайып калган аялдарда, жаңы төрөгөн келиндерде кездешет. Андан тышкары бул оору тукум куушу мүмкүн, салмагы ашыкча болгондо, эгиз же андан көп бала төрөгөндө, боюнда бар кезде баланын салмагы өтө чоң болгон учурларда да болушу мүмкүн. Кыскасы, бул көйгөйдөн бир да аял корголгон эмес.

Сиз консултацияга келиңиз. Текшерип, анализдердин жыйынтыгын көргөндөн кийин так себебин аныктай алабыз. Алгач дары-дармек менен дарылоону сунуштайбыз. Эгер ал да жардам бербесе анда операция жасатса болот.

Ал “слинговая операция” деп аталат. Анда заара каналынын ийкемдүүлүгүн чектөөчү нео-байламта орнотулат. Дарыгерлердин пикири боюнча операциянын эффективдүүлүгү 95%га тете.

Ден соолукта болуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт