"Россиядагы кайын энең акча салат" деп жөлөкпул чектебей жатышат
Саламатсызбы! Үч балабыз менен кайын атамдын үйүндө, кайын энем, кайын инилерим болуп турабыз. Азыр баары Россияда. Эч кандай мал-жандык, автоунаа, айдоо жерибиз жок. Жолдошум дагы туруктуу жумушта иштебейт. Жазында курулушта иштейт, тапканы тамак-аштан артпайт. Жөлөкпулга чуркап жүрүп, эч чыгарта албай койдум. Бардык документти тууралап барсам, акт жазып кел дешет. Жаздырып барсам, кыска экенин айтып, "кайын атаң, кайын энең, кайын инилериң силерге акча салат, ошондуктан жөлөкпул чыкпай калат" дешти. Кайын атам үйдө буту ооруп үйдө жатат. Кайын инилеримдин өз турмушу бар. Кээде кайын энем неберелерге конфетке деп миң рубль жөнөтөт. Аябай кыйналып кеттик. Жол киреге акча жок. Жөлөкпул алалабызбы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн керектүү документтер тизмесин топтоп, факт жүзүндө жашаган жериңиз боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылыңыз. Башкармалыктагы мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөчү адистер жашаган жериңизге барып, турмуш-шартыңыз менен таанышып чыгып акт толтурушат. Демек, актты сиз эмес, адистер жасайт. Андан кийин жөлөкпул чектелеби же жокпу айтышат. Чектелбей турган болсо, эмне үчүн жөлөкпул дайындалбай турганы тууралуу толук маалымат бериши керек.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө чогуу жашаган улгайган адамдардын пенсиялары киреше катары эске алынбайт.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990603030 WhatsApp номерине жазыңыз.