// //

Бардык балдарыма канча алимент төлөшүм керек, түшүндүрүп берип койгулачы?

2020.03.12, 09:36
1293

Биринчи аялыман бир балам бар, ага алимент төлөйм. Кийин үйлөнгөмүн аны менен да ажырашканы турам. Экинчи никемен бир кызым бар, келинчегим азыр кош бойлуу, апрелде төрөйт.  

Баарына канча алимент төлөшүм керек болуп калат, түшүндүрүп берип коесуңарбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.03.2020, 09:38

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Алименттин суммасын сот аткаруучу баланын жашын эске алып, минималдык талаптарга ылайык эсептеп чыгарат. Иштеп жаткан жериңизден канча айлык ала тургандыгыңыз жөнүндө кагаз берсеңиз, ошого жараша өндүрүлөт.

Андан тышкары келинчегиңиз кичүү баласы үч жашка чыкканга чейин өзүнө да алимент өндүрүүгө укуктуу. Ошону да эске алып коюңуз.

Соттун буйругу менен алимент өндүрүлсө, бир балага бардык кирешенин 4/1 бөлүгү, 2 балага 3/1 бөлүгү. Ал эми үчтөн көп балага бардык кирешенин 2/1 бөлүгү, башкача айтканда тең жарымы өндүрүлүүгө тийиш.

Мыйзам боюнча алимент төлөөчүнүн кирешесинин 50% гана алууга укуктуу.

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт