Эки балама жөлөкпулга документ тапшырсам албай коюшту

2020.03.11, 12:42
374

Саламатсызбы! Мен эки балама жөлөкпул алсам болобу? Учурда кайын энем менен чогуу жашайбыз. Өзүнчө бөлүнөлү деп там салып жатабыз. Жөлөкпулга документ тапшырсам албай койду. Себеби Бишкекке там салганга акча табалы деп иштегени келгенбиз. Кызматкерлер "Бишкекте жашайсыңар, силерге чыкпайт" деп жатышат. Эмне кылсак болот?  Негизи айылда эле турабыз, шаарга бир-эки айга эле келгенбиз. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.03.2020, 12:45

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери

Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.

“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.

КРнын жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамына ылайык, бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзам боюнча жаран факт жүзүндө жашаган жеринен жөлөкпулга документ тапшыра алат. Айылда жашаса айылдан, эгер Бишкек шаарына иштегени келсеңер, андан шаардан. Ошол эле мезгилде жөлөкпул ала турган балдар ата-энеси менен чогуу турушу керек.

Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990603030 WhatsApp номерине жазыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт