Аялым башкадан төрөгөн баласын мага каттатып койсо, ага алимент төлөшүм керекпи?
Саламатсызбы. Биринчи аялым экөөбүз Россиянын жараныбыз. Ортобузда эки балабыз бар, экөө тең өзүмдө.
Биз сот аркылуу ажырашып, жашабай калгандан кийин ал кайра турмушка чыгып, төрөгөн. Баласы менин атымдабы, жокпу билбейм.
Эмне кылышым керек? Мага алиментке жаздырып койбойбу?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Биринчи аялыңыздын башка никеден төрөгөн баласы сиздин атыңызга жазылганын так билдиңизби? Эгер баланын аты жөнүн билсеңиз калкты каттоо кызматына арыз менен кайрылып, кимдин атына катталганын билип алсаңыз болот.
Алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылса, аталыкты аныктоо тууралуу утурлама доо арыз менен ошол эле сотко кайрылсаңыз болот.
Ийгилик!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.