“Угриден” кийин калган тактарды кантип кетирсе болот? Косметологдун жообу
Саламатсызбы. Угриден кийин калган тактарды кантип кетирсе болот? Косметологдон жооп алып бериңизчи.
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатчылык. Безеткиден кийин калган тактарды кетирүүнүн бир нече жолдору бар:
- химиялык пилингдер;
- мезотерапия;
- лазердик жылмалоо (шлифовка).
Жогоруда аталган процедуралардын ичинен эң эффективдүүсү лазердик жылмалоо. Себеби аны жасаган учурда так калган жерлерде жаңы клеткалардын пайда болуусуна шарт түзүлөт, болгону бул процедураны күн салкында, башкача айтканда кеч күздө же кышында жасоо керек.
Мезотерапияда бетке ийне (укол) сайылат.
Пиллингдердин эффектиси төмөнүрөөк. Бирок анда да беттин териси жаңыланып, мурунку деффектилер түзөлөт.
Тактарды кетирүү үчүн процедуранын кайсынысы сиз үчүн ылайыктуу экенин косметолог менен биргеликте чечүү зарыл. Ал териңиздин өзгөчөлүгүн жана көйгөйдүн канчалык олуттуу экенин эске алып, жогоруда айтылган ыкмалардын бирин сунуштайт.
Косметолог Асель Алымбаеваны cityestetic.kg сайты аркылуу тапсаңыз болот.