Бир жарым жаштагы баламдын тиши карарып кетсе эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы. Балам 1 жаш 4 айлык, тиштери карарып кетти, курт жегенсип. Бул оорубу? Эмне кылыш керек?
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Саламатчылык. Баланыз 1 жаш 4 айда болгон болсо демек бул сүт тиштери. Тиштин карарып калышы – бул кариес, башкача айтканда курт түшкөнү.
Сүт тиши түшүп, кийинки тиши жакшы чыгат, муну дарылабай эле коюу керек деген ой жаңылыш пикир. Биринчиден, курт жеген тиш оорутат, чоң кишиники ооругандай эле. Экинчиден, сүт тиши начар болсо, кариес кийинки таза тиштерине да түшүп кетет. Ошондуктан аны да дарылап, пломба салдыруу керек.
Андан тышкары балдардын тишине эртелеп кам көргөндү үйрөтүңүз. Күнүнө эки маал: эртен менен жана кечинде, жатаарда тазалап туруңуз. Бала өзү тишин тазалай албаса, чоңдор жардам берсе болот.
Ундан жасалган таттуу жана кычкыл азыктарды чектөө зарыл. Бала болбой эле таттуу жеп жатса, жок дегенде жылуу суу менен оозун чайкап туруу керек. Өзгөчө түнгө карай ооз көңдөйүнүн таза болшу маанилуу.
Болбосо ооздо, тиштин арасында калган тамак аштын калдыктары бузулуп, чирип, тишке, бүлөлөргө терс таасирин тийгизет.
Баланын оозу сасып, келечекте ашказаны оорушу мүмкүн.
Балаңыздын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.
Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.