// //

Мектепте окуган кызымдын курбулары жок. Кантип жардам берсем болот?

2020.03.10, 12:53
1449

Бул суроомо психолог жооп берсе жакшы болот эле. Кызым Тюмень шаарындагы мектепте окуйт, 4-класс болуп калды. Окуусу жагынан көйгөй жок, мыктылардын бири. Бирок эч ким менен сүйлөшпөйт. Менин досум апам, деп айтат, бул сөзүнө кыжалат болом.

3-классында бир кыз менен курбу болуп жүрдү, кийин достошпой калды. Себеби ал мага буйрук берип турат, мага андай нерсе жакпайт, деп айтты.

Кызыма кантип жардам берсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.03.2020, 12:53

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт, балдар психологу

Саламатсызбы!

Кызыңыз кичинекей болгонуна карабастан чоң көйгөйлөрү бар экен. Мектепте окуган балдардын сөзсүз достору, курбулары болууга тийиш. Эгер ал биринчи классынан бери ушул мектепте окуп, дагы деле дос күтө элек болсо, ага жардам берүү керек.

Кызыңыз башкалардан жакшы баалары менен өзгөчөлөнгүсү келет. Бирок коомго аралашуу үчүн мыкты окуу жетишсиз.

Ар бир бала ата-энесинен үлгү алып чоңоет. Ошондуктан сиз адамдар менен кандайча мамиле куруу керек экенин өзүңүздүн мисалыңызда көрсөтсөңүз болот. Классташтарынын ата-энелери, класс жетекчиси, классташтары менен байланышта болуп, баарлашып тургула. Кызыңыздын башка балдар менен сүйлөшүп, ойногонун кош колдоп колдогула. Жолугушуп туруусуна шарт түзгүлө.

Анын эрктүүлүгүн, эр жүрөктүгүн, меймандостугун үчүн мактагыла. Башка ата-энелер менен сүйлөшүп, достошсоңуз, адатта алардын балдары да ынтымакташат. Түрдүү иш чаралар, майрамдарга бири-бирин конокко чакырышат.

Кызыңызга өзүңүздүн досторуңуз, курбуларыңыз тууралуу, бала-чагыңыздагы күлкүлүү окуяларды, бирге тентек кылгандарыңарды айтып бериңиз. Достук канчалык маанилүү жана кызыктуу экенин түшүндүрүңүз.

Кызыңызда бир нерсеге кызыгуу же кандайдыр бир хоббиси пайда болсо, тиешелүү курстарга, кружокторго бериңиз. Кыйынчылыктарга, көйгөйлөргө юмор менен мамиле кылууну үйрөтүңүз. Тамашалай билүү жана тамашаны түшүнүү да мамиле курууда маанилүү.

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт