// //

Мен аялымды каалабайм, бирок жакшы көрөм. Эмне кылышым керек?

2020.03.10, 12:04
2060

Саламатсызбы. Аялымды жакшы көрөм, бирок төшөк маселесине келгенде, меники жакшы турбайт. Башка учурда, “сол жака” барганда бул жагынан эч көйгөй жаралбайт.

Үйлөнгөнүбүзгө беш ай болду. Келинчегим мээримдүү, акылдуу, мамилебиз жакшы. Бирок анын жанында болгонумда делебем козголбойт.

Өзү да кошулууга демилге көтөрбөйт, аракет кылбайт. Ар дайым эле мен ойготом.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.03.2020, 12:05

Наталья Ивахник

Сексолог

Сиздин эмне каалап жатканыңыз мен үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Ички дүйнөңүз да, сырткы дүйнөңүз да чаташып калган.

Аялымды жакшы көрөм, баалайм, барктайм, деп жазып жатасыз, ошол эле учурда башка жакта да мамилеңер бар экенин билдирдиңиз. Ал жакта секс маселесинде эч кандай көйгөй жаралбайт дедиңиз.

Жубайыңыз менен интимдик жашоону жакшыртуу үчүн күнүмдүк мамилени да жакшыртуу зарыл. А сиз келинчегиңизди оргазмга жеткирип көрдүңүз беле? Ал сиз менен кошулуудан ырахат алабы, ошону кызыгып сурадыңызбы?

Сиз эгоисттик түрдө өзүңүздүн сезимдериңизди жана өзүңүздүн каалоолоруңузду гана айтып жатасыз. Түгөй, бир үй-бүлө болгондон кийин бардыгы экөөңөрдүн пикирлериңерди эске алуу менен жасалышы шарт.

Андагы сизге жаккан сапаттарын, сексуалдуу жактарын табууга аракет кылыңыз. Ал үчүн алгач “солго” барууну токтотуу керек. Көңүлүңүздү толугу менен келинчегиңизге буруңуз.

Өз каалоолоруңузду ачык билдиргиле, аныкын да кызыгып сурагыла: эмне жагат, канткенде жакпайт ж.б.

Экөөңөрдүн тең эротикалык кыялдарыңарды ишке ашырып көргүлө. Мисалы, бейтааныш айымдарды көргөндө дүүлүксөңүз, бири-бириңер менен эротикалык оюндарды ойногула. Келинчегиңизден сизди тааныбаган кыздын ролун аткаруусун сураныңыз.

Булардын бардыгы эки жактын тең каалоосу менен болууга тийиш. Ошондо экөөңөр тең секстен ырахат алып, механикалык оргазм эмес, табигый жана чыныгы оргазмга айланат.

Ийгилик!

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт