Мен 10-классмын бирок китеп окуй албайм. Курбуларыма шылдың болом
Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын, учурда 10-класстын окуучусумун. Негизи билимим орто, бирок мугалим китеп оку деп айтса, окуй албайм. Коркуп, сүрдөнүп, унчукпай туруп берем. Ыйлагым келип, так сүйлөй албай, кекечтенип да баштайм.
Курбуларыма шылдың болуп, көңүлүм ооруйт. Окуй албаганыма абдан ызаланам. Эмнеге мындай болуп жатат? Түшүндүрүп бергилечи?
Эльвира Лисова
Балдар психологу
Саламатчылык. Урматтуу окурман сизде дислексия болушу мүмкүн. Дислексия – бул окуганда кыйынчылыктардын пайда болушу, автоматтык түрдө окуу жөндөмүнүн жоктугу. Мындайда адам, тамгаларды байланыштыра албайт, сөздү толук камтый албайт, тамгаларды, муундарды орун алмаштырып көрөт. Тамгаларды жазганда, тетири жазат. Окуган текстинин маанисин түшүнбөйт.
Бул белгилер канчалык эрте аныкталса, ошончолук аны корректировкалап, оңдоп алуу оңой болот. Ал эми аны байкабай таштап койсо, баланын жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарды жаралуусуна себеп болот. Биринчи кезекте окууга болгон көңүлү дээрлик жоголот.
Карлыгаш Акикулова
Психотерапевт
Кутман күн!
Сиздин жазгыныңызда бир нерсени түшүнө алган жокмун. Негизи эле текст окуй албайсызбы, же көпчүлүктүн алдында сүрдөйсүзбү?
Эгер өзүңүз эле окуй албасаңыз анда жогоруда айтылгандай бул дислексия болушу мүмкүн. Колдон келсе невропатолог, логопед жана балдар психологуна кайрылып көрүңүз. Бул деффектини оңдоп коюу мүмкүн.
Психолог катары сизге бере турган кеңешим, өз кемчилигиңизди оңдогонго аракет кылыңыз, бирок андан уялып, тартынып, өзүңдү-өзүң жемелөөнүн кереги жок. “Ооба, бул менин көйгөйүм, мен аны чечүүгө аракет кылып жатам. Мындан башка артыкчылыктарым да бар!” - деген принцип менен жашаңыз.
Ийгилик!
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.