Күйөөм кан жөтөлүп жатат. Бул кооптубу? Пульмонолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен сизге суроо берейин дедим эле, мүмкүн болсо тезирээк жооп берип коюңузчу.
Турмушка чыкканмын. Жолдошум май куйуучу станциялардын биринде иштейт. Көптөн бери жөтөлүп жүргөнүн байкадым. Бирок мага эч нерсе деп айтпайт. Кыжалат кылгысы келбейт окшойт.
Бүгүн бир нерсени байкап калдым, жөтөлгөндө кан түкүрөт экен. Эмне кылышты билбей турам, кимге, кайсы врачка кайрылуу керек? Ушинтип ооруганы өмүрүнө коркунуч жаратпайбы?
Азамат Акылбеков
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, пульмонолог
Саламатчылык. Жолдошуңуз тез арада үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылсын. Ал сиздин рентгенге түшүүгө жана какырыгын үч маал анализге тапшырууга жөнөтөт. Анализдин жыйынтыгы чыккандан кийин, башка тар багыттагы адистерге, пульмонолог же фтизиатрга жөнөтөт.
Жөтөлгөндө кан аралаш түкүрүү бир нече оорунун белгиси болушу мүмкүн. Мисалы кургак учук, өпкө рагы, кекиртектен же кызыл өңгөчтүн травмасы ж.б.
Ал эми жолдошуңуздун май куйуучу станцияда иштегени оорусуна эч кандай байланышы жок. Аны менен сүйлөшүп, эртерээк доктурга кайрылгыла.
Ден соолукта болгула!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.