Көрбөгөн балама алимент төлөшүм керекпи?
Мен 2 жылдан бери жыргап качып жүрөм. Келинчегим менен ажырашкам. Убагында баламды көрсөткүлө десем, көрсөтпөй жаман кылышкан. Андан кийин "алимент төлө",-деп келишти. "Баламды көрсөтпөңөр эмне үчүн төлөйм. Бир баланы бага албай жатсаңар мага бергиле, силерге жалдырабай эле багып алам",-деп намыстарына тийгем. Андан кийин таптакыр келишпеди, жыргап калдым иш бүттү деп. Эми алиментти көбөйтүп алып 10 жылдан кийин келип калбайбы деген суроо пайда болду. Буга кандай чара колдоном? Баламан качпай төлөйүн деген эле оюм бар болчу. Бирок көрсөтпөй жатышса, көрбөгөн балага төлөй беремби?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Көпчүлүк эркектердин оюу дал сиздикине окшош, "алар мага баланы көрсөтүшпөсө, мен эмнеге алимент төлөймүн",- деп айтышат. Мыйзам боюнча көрсөтпөсө төлөбөй койсо же төлөбөсө керсөтпөйм деген түшүнүк жок. КРнын Үй-бүлө Кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмүндө "Өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашат" деп көрсөтүлгөн.
Ал эми сиздин жыргап жүргөнүңүз сизге мыйзам боюнча жүктөлгөн милдетти аткарбагандыктын айкын көрүнүшү. Алимент боюнча меселе болбогондо балаңызды ойлобосоңуз да керек. Жубайыңыз балаңызды көрсөтпөй коюуга укугу бар, эгерде Үй-бүлө Кодексинин 71-беренесиндеги жагдай жаралса. Тактап айтканда, Үй-бүлө Кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө "Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе" деп көрсөтүлгөн.
Демек, сиз менен баланын катташуусу анын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирсе, сизге баланы көрсөтпөй коюусу мүмкүн. Ал эми мындай учурда, баланы көрүп турууга график түзүп берүү жөнүндө айтып, сотко кайрылсаңыз болот. Кыскасы, ата экениңизди сезип, өз ыктыярыңыз менен балаңыз үчүн алимент төлөңүз.