// //

Үлүш жери бар адамдар балдарына жөлөкпул алалабы?

2020.03.06, 14:47
1553

Саламатсызбы! Үлүш жерибиз бар. Төрт балага жөлөкпул алалабызбы? Мыйзам боюнча үлүш жерлери бар адамдарга жөлөкпул чектелеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.03.2020, 14:49

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери

Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен чектелет. Кирешелерге: айлык акы, стипендия, ишкердик кылуудан түшкөн киреше, жер жана үйгө караштуу участокторду иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер жана башкалар кирет.

Жер үлүштөрүнүн түшүмдүүлүгү жана сапаты боюнча атайын нормативдер каралып, ар бир региондо ар кандай өлчөмдө белгиленген. Сиз кайсы айыл аймактан экениңизди толук жазсаңыз, жер үлүшүңүз тууралуу кененирээк маалымат бермекпиз.

Тилекке каршы, жашаган аймагыңыз тууралуу маалыматтар толук эмес, андыктан жашаган жериңиз боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылсаңыз, алар эсептеп беришет.

Эгер айтылуу башкармалыкка барууга шартыңыз жок болсо, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтында электрондук калкулятор деген система иштейт. Ошол жерден жашаган аймагыңызды толук көрсөтүп, жөлөкпул аласызбы же жокпу аныктап алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт