Кайнагам балдарын таштап чет өлкөгө кетип калды. Мен аларды баккым келбейт
Саламатсызбы! Турмушка чыкканыма 10 жыл болду, 2 балам бар. Биз 3 жыл мурун кайын энемдин үйүнө көчүп келгенбиз. Үйдө кайын энем, анан кайнимдин 2 баласы бар болчу.
Үй-бүлөнү толугу менен күйөм каржылайт. Калгандарыбыз иштебейбиз. Кайним чет өлкөдө иштегени менен өз балдарынын кийимине деп гана акча салат. Тамак ашы, баскан турганы, майда-чүйдө чыгашаларын ойлобойт. Бирок жакшы табат.
Кичинекей кайнилерим 4-класс, жана 1-класс, аябай шок. Сабактарын карап койбойсуңбу, деп мени кайын энем да күйөөм да урушат. Ошонун айынан жаман-жакшы айтышып, көп урушабыз.
Мен алардын сабагын окуп, аларды кароого милдеттүү эмесмин да. Чыдамым жетпей калды. Күйөөмдү өзүнчө бөлүнүп кетели деп кантип көндүрсөм болот?
Эльвира Чокоева
Психолог
Өз үй-бүлөңүз менен өзүнчө жашоонуу каалоо бул нормалдуу көрүнүш. Сиз туура багытта ой жүгүртүп жатасыз. Менимче, сиз күн алыс, аялдыгыңызга салып, күйөөңүз менен жумшак сүйлөшүп туруңуз. Өз алдынча жашоонун артыкчылыктары жана жакшы жактарын айтып бериңиз.
Кайын энеңиз жана кайниңиздин балдары тууралуу жаман сөз айтып, аларга даттануунун кереги жок. Сиздин иштебей үйдө отурганыңызды алар үйдү карап, үйдөгү бардык балдарды багып, тарбиялоого милдетүү катары кабыл алып жатышат. Сиз да жумуш таап иштеп баштаганда, күйөөңүзгө окшоп, кечке жумушта болуп, ал сыңары акча таба баштайсыз.
Азырынча балдар кичинекей, дагы көп нерсе билинбей жатат. 2-3 жылдан кийин 4-класс окуган бала өспүрүм курагына жетет. Чыныгы чыр-чатактар ошондо башталат. Ал кандай ишке барбасын, сабагынан калат, чейрегинен жетишпейт, тамеки чегип көрөт, достору менен отурушка барат, мушташат ж.б. Ушунун бардыгына сизди күнөөлөшөт.
Мен сизге сабырдуулук, эрк жана ийгилик каалайм. Бактылуу болуңуз!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.