Өзүмөн 20-30 жаш улуу байкелер жагат. Бул оюман кантип кайтам?
Саламатсызбы. Мен 19 жаштагы кызмын. Мага улуу байкелер, өзүмөн 20-30 жаш улуулар менен сүйлөшкөн жагат. Өзүм менен тең же 2-3 жаш улуу балдар менен сүйлөшө албайм. Кыжырым кайнай берет. Ушунча жаш улуу мырзага турмушка чыксам деп кыялданам.
Бирок улуу байкелер бойдок эмес экенин билем. Алардын үй-бүлөсү, бала-чакасы болгон болот. Мен башка бүрөөнүн үй-бүлөсүн бузгум келбейт, экинчи аялы болуп да тийгенге каршымын.
Өзүм бир да жолу жигит жандап баскан эмесмин. Жасанбайм, боенбойм, жөнөкөй кызмын. Шан-шөкөттү жактырбайм, ызы-чууну көтөрө албайм.
Кеңеш бергилечи, кантип кайтам бул оюман? Табитимди кантип өзгөртөм?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык!
Сиз улуу муундагы мырзалар менен сүйлөшкөн жагат, деп жазып жатасыз. Ошол эле учурда көбүнчө алардын башы бош эмес, үй-бүлөлү боло турганын билгениңизди да кошумчаладыңыз. Башканын үй-бүлөсүн бузгуңуз келбейт, бирок экинчи аял болууга да макул эмессиз.
Бул сиздин табитиңиз, бул сиздин чечимиңиз. Ар бир нерсенин оң жана терс жактары бар. Улуу мырзалардын көпчүлүгү жашоосу турукташып калган, көп тажрыйба топтогон, аял затына мамиле жасаганды билген адамдар болот.
Ошол эле учурда, көпчүлүгү үй-бүлөлүү, демек мамиле кургуңуз келсе, же экинчи аял болууга макул болуу керек, же бул ойдон баш тартуу керек.
Сиз башка адамдар менен жакындан таанышып, аларды жүрөгүңүзгө киргизгиңиз келбейт. Ошондуктан колуңуз жетпеген мырзаларды жактырасыз. Ал эми сиздин колуңузду сурап келгендерди жерип, көз жаздымда калтырып жаткан учуруңуз. Башкача айтканда, колдо бар алтындын баркы жок болуп турган кез. Мамиле кургуңуз келет, бирок жаракат алуудан коркосуз. Сиздин жаштык түбөлүктүү эмес. Болгону ошону эске алып коюңуз.
Сизде өзүңүздүн сурооңузга жооп бар. Жакшылап изденип, ойлонуп көрүңүз.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.