// //

Күйөөм мени талашпасын деп, үйүбүздү атасына белек кылып өткөрүп салды

2020.03.04, 12:11
1529

Күйөөм экөөбүз Москвада иштеп, Сокулуктан үй алганбыз. Эки балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Күйөөм үйдү тез арада атасына белек катары өткөрүп берип салыптыр, мени талашпасын деп.

Сотко арызданып жүрүп, чечимин жокко чыгарткам. 2020-жылы тынчтык жолу менен үйдүн жарым акчасын берип, өзүмө каттатып алайын деп жатканда кайын энем уруш чыгарып, балдарымды кошо жаздырып койду.

Эми ал үйдү сатып, башка үй алганганга мүмкүнчүлүгүм болбой калды. Ал үйдө жашаган болбойт, кулайын деп араң эле турган там.

Өзүм шаарда иштейм, айлыгым жетиштүү. Балдарды өзүм багып кете алам. Болгону ипотекага шаардан үй алайын деген элем.

Мен эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.03.2020, 12:13

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Мыйзам боюнча Сокулуктагы үйүңүздү балдар 18ге чыкмайын сата албайсыз. Себеби ал мүлк балдардын энчиси болуп калды.

Балдардын да менчик укугу катталгандыктан, жашаган жериңиздин социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнө арыз менен кайрылып, сатууга уруксат алышыңыз керек.

Алар комиссия түзүп, арызда көрсөтүлгөн жагдайды карап чыгып чечим кабыл алышат. Эгер сиздин аракетиңиз балдардын кызыкчылыгын коргоп, алардын жашоо шартын жакшыртуу максатында экени аныкталса, үйдү сатууга уруксат берилиши мүмкүн.

Ийглик каалайм!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт