Окуумду бүтүрүп, бир жылдык аскер кызматын өтөсөм, “звание” берилеби?
Саламатсызбы. Мен азыр 4 курста институтта сырттан окуйм. Окуумду аяктагандан кийин 1 жылдык аскер кызматына барсам болобу? Мага “звание” берилеби?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатчылык. Эгер сиздин жогорку билимиңиз болсо, Кыргызстандын аймагынан 1 жылдык кызмат өтөсөңүз болот. 10 ай өткөндөн кийин 1 айлык жыйынга катышып, аны ийгиликтүү бүтүрсөңүз офицер (лейтенант) деген наам алып чыгасыз.
Ал эми чет өлкөлүк жогорку окуу жайда окуп жаткан болсоңуз, өзүнчө тизмени карап чыгуу керек. Анда кандай укуктар бар экенин билип алсаңыз болот. Аталган тизмекти Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинен тактоо зарыл.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.