// //

Күйөөм менен сүйлөшкүм келбейт, акча салса болду

2020.03.03, 10:22
1643

Турмушка чыкканыма  алты жыл болду, үч балам бар. Башында жолдошумду обу жок кызганчумун. Бирок азыр андай болбой калдым.

Балдарымды кайын энеме таштап жумушка чыктым. Балдарым айылда, мен шаарда. Күйөөм Россияга кеткен. Аны менен сүйлөшкүм деле келбейт, акча салса болду. Ошого сүйүнөм. Күйөөм беш маал намаз окуйт, туура жүргөн бала. Бирок жогорку билими жок.

Жумушумдагы иштеп жүргөн балдарды көрүп, эмнеге окуп, жогорку билим алган балага тийген эмесмин, деп күйөөмдү ар кимге салыштырмай болдум.

Эмнеге мындай болуп жатат? Кеңеш бериңизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.03.2020, 10:23

Ширин Амантурова

Психолог

Саламатсызбы!

Жолдошуңузду кызганганыңыз өзүңүздү төмөн баалай турганыңызды билдирет. Учурда жумушка орношуп, иш менен алаксып, элге кошулуп энергияңызды күйөөңүздү аңдыганга эмес, жумушка жумшап жатасыз.

Башкаларга салыштырам, жогорку билимдүүгө тийсем болмок, мага акча салып турса эле болду, деп жатасыз. Келиңиз, башка көз караш менен карап көрөбүз: мүмкүн жолдошуңуздун шарты, акчасы болбой калып жогорку окуу жайга тапшыра албай калгандыр.

Ошондой болсо да, башкаларга салыштырып, кош көңүл кылган кадамыңыз, биринчи кезекте бөлөктөрдөй билимдүү болушун гана эңсеп жаткандайсыз. Билим алууга эч качан кеч болбойт. Күйөөңүзгө стимул бериңиз, билим алууга кеч эмес экенин айтыңыз. Күйөөңүз окугусу келсе, окуп жогорку билимдин ээси болсо болот.

Чындыгында алыскы аралыктагы мамилени сактап калуу оор.  Бирок келечегиңизди ошол адамдан көрүп жатсаңыз туура ойлонуу керек.

Унутпаңыз, ар бир адам уникалдуу, өзгөчө. Жолдошуңузду ошондой кабыл алып көрүңүз.

Бактылуу болуңуздар!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт