Жыныстык жагыма папиллома чыкты. Аны кантип жок кылууга болот?
Күйөөмөн папиллома жукту. Аны кантип жок кылууга болот? Дарылагандан кийин кайра пайда болушу мүмкүнбү? А эгер дарылабай койсо эмне болот?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Сизде папилломанын пайда болгону, демек төмөнонкогендик (низкоонкогеннный), 6 жана 11 типтеги вирустун алып жүрүүчүсү дегенди билдирет. Бардыгы биригип болушу да мүмкүн.
Адамдын папиллома вирусу (ВПЧ – вирус папилломы человека) жыныстык органдардын рак оорусун козгоо коркунучун туудурат. Ошондуктан бул нерсеге көнул кош мамиле кылуу туура эмес.
Кандилломалар адамдын иммунитети түшүп кеткенде чыгат. Ошол эле учурда жакшылап, туура тамактанып, витаминдерди ичип, спорт менен машыгып иммунитетти көтөрсө өзү эле жоголуп кетиши мүмкүн, эгер папиллома вирусту коштогон башка инфекциялар жок болсо.
Бирок кандилломалар чоңоюуп, көбөйүп жатса, же болбосо кычышып, же кийим менен илип кетип ала турган жерлерде жайгашса, анда аларды алдыртып салуу зарыл. Аларды коопсуз жок кылуунун түрдүү ыкмалары бар.
Бир гана эскерте кетчү нерсе, кандилломаларды өз алдынча алып, кесип салууга аракет кылбагыла. Андан көрө гинекологго же тиешелүү адиске кайрылганыңыз оң.
Папилломадан дарылоо процедурасынын баасы ар башка клиникада ар кандай. Ошондуктан бирдиктүү бааны айтуу кыйынга турат.
Ден соолукта болуңуз!