// //

Күйөөм алыста иштеп жүрө берип, мени каалабай калды окшойт

2020.03.02, 15:20
2207

Саламатсызбы. Мен силерден кеңеш сурайын дегем. Жолдошум тигүү цехинде иштейт, жумушу шаарда. Мен кыздарым менен айылдамын. Күйөөм бир айда бир жолу келип турат.

Акыркы кезде түнкүсүн, экөөбүз кошулаарда жыныстык мүчөсү турбай калчу болду. Күндүз зыңкыйып эле туруп алат, дейт өзү.

Эмнеден улам ушинтиши мүмкүн? Оору жуктуруп алганбы? Же мени каалабай калдыбы? Кыскасы оюм бир жерде эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2020, 15:21

Наталья Ивахник

Сексолог

Саламатчылык!

Жолдошуңуздүн эркециясы менен көйгөй жаралышы менен жугушту оору менен байланышы жок. Сизге сезими жок болуп жаткандыктан, ушундай болуп жатат, деп бир бетекей айтуу да мүмкүн эмес.

Бирок өнөктөштөрдүн анда-санда жолукканы, бири-биринен алсы болгону төшөк маселесине таасирин тийгизиши мүмкүн. Балким, күйөөңүздүн жашоосунда секстин сейрек болгонуна байланыштуу организми ушундай реакция кылып жатат?

Узак убакытка чейин кошулбаса, эректилдик дисфункция болуп, же бел суусу эрте түшүшү мүмкүн, башкача айтканда, кыска убакытта эле канааттанып калат. Сиз аялы катары ага эч кандай жардам көрсөтө албайсыз. Анткени бул анын организминин реакциясы.

Бирок ортоңордогу жылуулук сезимин сактап калуу үчүн экөөңөр тең аракет кылсаңар болот. Мисалы, делебени козгоо үчүн бири-бириңерди эркелетип, сылап, ойноп, кылыктанып ж.б.

Ошондой эле, эртең менен кошулуп көрүңүз. Анткени таңга жуук эркектердин эрекциясы салыштырмалуу күчтүү болот деп эсептелинет.

Күйөөңүз алыста болгондо деле бири-бириңер менен көбүрөөк сүйлөшүп, байланышып тургула. Сезимдериңерди билдирип, сагынып жатканыңарды айткыла. Бири-бириңерге колдоо көрсөткүлө.

Секс кечинде бир төшөккө жатканда гана башталбайт. Ага алдын ала кам көрүп, уктоочу бөлмөдөн тышкары да контакта болуп туруу шарт.

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт