Бир жигит менен жашыруун жашайм. Ата-энем макул болбой жатат
Турмушка чыгып бир ай жашадым. Той болду, эки тараптан тең акча көп кетти. Эртеси эле мурунку сүйлөшкөн кызы менен сүйлөшкөнүн байкадым. Кийинчирээк өз көзүм менен окудум. Мага жакшы мамиле жасаганы менен эч кандай сезими жок экени байкалып эле турчу.
Көптөгөн себептер менен бир ай жашап эки жолго түштүк. Күнөөнү өзүмдөн издедим. Ал болсо "жакшы көрүп кетем го дегем, бирок анте алган жокмун" деп айтты.
Москвага келип бир айдай кыйналып жүрдүм. Жумушка кирип мурда чогу иштеген байкени жолуктурдум. Ал да аялы менен 20 күн жашап, меникиндей себептер менен ажырашыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп, эчкимге айтпай чогу жашап жатабыз. Анын ата-энеси макул, меники көнбөй жатат. Эмне кылаарымды билбей жатам. Кеңеш күтөм!
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман!
Жазгандарыңызга караганда ата-энелер мажбурлап эле сиздерди үйлөнтүп койгондой. Анын сизге, сиздин ага болгон көңүлдүн жоктугунан улам үй-бүлө кура алган жоксуңар.
Тойдун эртеси эле кыздар менен сүйлөшкөнү сизди сыйлабагандыгы. Мүмкүн эртерээк эки башка жолго түшүүнүн жолун издеди.
Биринчи турмушуңузду бирөөлөрдүн каалоосу, кийлигишүүсү менен курупсуз. Азыркы жашап жаткан жигитти кандай критерийлер менен тандадыңыз?
Сиз биринчи кетирген катаны кайрадан кайталап жатасыз. Азыркы жашап жаткан жигит менен ажырашуу себептериңер бир. Мүмкүн ошол көйгөй экөөңөрдүн башыңарды бириктирди.
Баш кошууга шашылбай, бири-бириңерди жакшылап билгениңер туура болмок. Ата-энеңизден макул болбой жатканынын себебин сураңыз. Шашылыш чечим кабыл алып жатканыңыздын түпкү себеби бар, аны анализдеңиз. Болбосо психолог менен иштешип көрүңүз.