Бир жарым айдан бери бир байкеге ашыкмын
Мен туура эмес иш жасап, күнөө кылып жатам, бирок жан дүйнөм аны укпайт. Бир жарым айдан бери бир байкеге ашыкмын. Жолдошум, балдарым бар.
Жолдошумдан көңүлүм калган. Аябай корс адам, такыр көңүлдөнбөйм. Бирок ажырашам деген деле оюм жок.
Тиги байкени унутканга аракет кылам. Бирок жыйынтык жок. Ыйлап, кечке ойлоно берип кыйналып кеттим. Кеңеш күтөм.
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Сиз жазган көйгөйдө жолдошуңуз менен болгон мамиленин сууп баратканын байкаса болот. Ыйлап, кыйналып жатам дегениңизге караганда үй-бүлөдө баары жакшы эмес. Жолдошуңуздун мээрими жетпегени билинип турат.
Жолдошуңуз менен эки жолго түшүүнү каалабайсыз туурабы? Демек, мамилени мурунку калыбына келтирүү, мындан ары сактап калуу үчүн бирге изденишиңиздер керек. Чогу олтуруп көйгөй жараткан маселени ортого салып чечишип алганыңар оң болот.
Күнүмдүк турмуш деп жүрүп бири-бириңерге көңүл буруу жат көрүнүш болуп калгандыр. Санай берсе себептер көп. Экөөңүздөр тең аракет кылганда гана баары ордуна келет.
Бирок сиз да мамилени өзгөртүүгө аракет кылып көрүңүз.
Күйөөңүздөн ала албаган жылуулукту, кам көрүүнү, аёону, сүйүүнү, жакшы мамилени башка адамдан көрүп, ошол үчүн кыйналып жатасыз. Ал адам менен мындан ары мимиле куруунун оң жана терс жактарын санап, ойлонуп көрүңүз. Сизди кыйноого салып жатканын мамиленин оң тарабы деле жок болсо керек.
Акыркы чечимди сиз гана кабыл ала аласыз. Андыктан өзүңүздү колго алып, туура чечим кабыл алыңыз.