Сол жак төшүмдө бир дөмпөкчө бар. Бул нормалдуу нерсеби?
Саламатсызбы. Сол жак төшүмдө бир дөмпөкчө пайда болуп калыптыр, ооруксунат. Басып жүргөндө билинбейт, жатканда оорутат.
Айызым келээрине аз калган. Же балким ошон үчун оорутуп жатабы?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медициналык борборунун адиси, маммолог
Дөмпөкчө пайда болгондун өзү эле доктурга кайрылууга олуттуу себеп. Анын үстүнө оорутат деп дагы жатасыз.
Бул өнөкөт мастит болушу мүмкүн. Балким, качандыр бир убакта суукка урунуп калгансыз. Анан ошол тарабыңыз сезгенип, ушундай ооруксунууну пайда кылып жатат. Айрым учурларда ириңдеп да кетиши мүмкүн.
Менин сизге бере турган кеңешим, алгач УЗИге түшүңүз. Кандай процесс жүрүп жатканын аныктап алуу керек. Жөн эле сезгендиби, же ириңдей баштадыбы.
Канткен күндө да көпкө созбой эртерээк маммологго кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Маммолог Аида Осомбаева менен инстаграмдагы dr.mammolog.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.