Атам мени менен катташпайт, өзүм ага барсам болобу? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын. Мени ойлондурган бир маселе бар, бул атам. Ал мен төрөлгөн күнүмдөн баштап бир да жолу келген эмес, мени менен катташпайт. Мен өзүм ага барсам болобу?
Апам атамдын үчүнчү аялы болгон экен. Мен төрөлө электе эле кетип калыптыр. Атам менен байланышсам болобу, деп сурасам “өзүң чечесиң, атаң каршы болбосо, катыша бер”, деп айтты.
Атам колунда бар, бай киши экен. Бирок мага анын жардамы керек эмес. Менде бардыгы жетиштүү. Мен болгону аны менен таанышып, ата-бала катары мамиле кургум келет.
Кандай кылышым керек?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психолог
Саламатчылык!
Атасыз өскөнүңүз абдан кейиштүү. Сизди бул ситуация аябай ойлондурат окшойт. Мындайда апаңыз эстүүлүк кылып жатыптыр, өзүң чечесиң дегени, анын мыкты эне экенин көрсөтүп турат.
Атама өзүм барсам болобу, деп сурап жатасыз. Албетте, болот! Ал адамга кайрылып, аны менен таанышууга толук укугуңуз бар.
Бирок сиз бул таанышуудан эмнени күтүп жатасыз? Сиз ойлогондой болбой калышына даярсызбы? Ал киши сизди кандай кабыл алат, анын ою кандай экенин алдын ала биле албайсыз да.
Бирок, сиз атаңыз менен катташып тургуңуз келип жатат. Бул сиздин чечимиңиз. Демек, алга! Кандай болгон күндө да аракет кылып көрүү керек. Өзүңдүн ата-тегиңди изилдөө алар менен таанышуу, бул ар бир инсандын керектөөсү. Ар бир адам өз тарыхын, санжырасын билгиси келет. Атаңызга айта турган сөзүңүз андан сурай турган суроолоруңуз көп болсо керек.
Финансылык тарабы сиз үчүн кызыктуу эмес экенин баса белгилегениңиз, сизге болгон сый-урматты жаратат. Демек, өз алдынча калыптанып калган, көз карандысыз адамсыз.
Ийгилик!
Психолог Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.