// //

Аскарида курттары организмде канча жыл жашайт? Терапевт жооп берет

2020.02.25, 16:49
6194

Саламатсызбы. Ичимде аскарида курту бар деп анализ чыгарып беришти. Ошол курт семиртип же шишитиши мүмкүнбү? Анын кандай зыян жактары бар. Бара-бара өзү жок болуп кетиши мүмкүнбү? Канча убакыт жашайт организмде?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2020, 16:49

Сагыныч Койбагарова

терапевт

Саламатчылык. Аскарида организмде 7-15 жылга чейин жашашы мүмкүн. Ооба, айрым учурларда семиртиши мүмкүн, анткени адамдын тамака болгон табити кескин көтөрүлүп, же тескерисинче жоголуп кетет.

Зыянын айта турган болсок: аскарида адамдын организминде аллергиялык реакцияларды пайда кылат. Андан тышкары ал сиз жеген тамактардын бардыгы менен азыктанат. Демек сиз ичип-жеген пайдалуу заттар витаминдер алардын өсүп-өнүгүүсүнө жумшалат. Ич өтөт, же катыйт. Алар бөлүп чыккан уулу заттар адамдын терисинин абалына терс таасирин тийгизет.

Ошондуктан ичтеги курттардан мүмкүн болушунча тезирээк кутулуууга аракет кылуу зарыл. Ал өзүнөн-өзү эч убакта жок болбойт.

Аскарида куртун өз алдынча үйдөн дарылоо мүмкүн эмес. Анткени анигистаминдик препараттар адамдын жаш курагын, салмагын, ден соолугунун жалпы абалын эске алуу менен жазылат.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
04.11.2020, 00:15

Саламатсызбы менин жолдошум уктап жатканда Тишин кычырата берет ичинде аскарида Курту барлар ошентет дешет бул чынбы болсо кандай кылып дарыласа болот эч эле семирбейт барып текшерил десем такыр укпайт кандай кенеш бересиз

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт