Гонореядан толугу менен айыгып кетүү мүмкүнбү? Дерматовенеролог жооп берет
Мен алты ай мурун гонорея илдетине кабылгам. Дарыланып, укол алдым. Ошондон жакшы болуп кеттим. Бирок организмде инфекция калат деп уктум, ошол чынбы? Дарыланып бүткондөн кийин кайра анализ тапшырышым керек беле?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматовенеролог
Саламатчылык. Ооба, албетте анализ тапшырышыңыз керек. Бул тууралуу сизди дарылаган жерден айтыш керек болчу. Толук курс бүткөндөн кийин, бир жуманын ичинде келип анализ тапшыруу зарыл.
Ал эми инфекция калат деген боюнча айта турган болсом, жок, андай эмес. Эгер дарылоо жакшы жүргүзүлсө, бейтап доктур айткан көрсөтмөлөрдүн бардыгын сактаса “гонокок” инфекциясы толугу менен жоголот.
Тилекке каршы, биздин бейтаптардын көбү ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылышат. Ар ким айткан дарыны ичип, укол алып, дарыландым деп ойлошот. Чынында ал дарылар оорунун симптомдорун убактылуу гана жок кылат, дээрлик айыктырбайт. Натыйжасында гонорея өнөкөт формага айланып кетет.
Дарылануу курсу бүткөндөн кийин сөзсүз “мазок” берип анализ тапшыруу зарыл. Анализ тапшырганда бир нече факторлорду эске алуу керек.
- Бир күн мурун ачуу бир нерсе жеңиз, же пиво ичиңиз. Бул ыкманы провокация деп аталат.
- Анализди эртең менен эрте туруп заара кылбастан тапшыруу зарыл. Анткени заара кылгандан кийин “мазок” алынса, анализдин жыйынтыгы анча эффективдүү болбойт.
Бишкекте лабораториялардын көбү эртең менен эрте ачылат. Ошондуктан бул шарттарды аткаруу кыйынга турбаса керек.
Ден соолукта болуңуз!