Жынысымды алмаштыргым келет. Кыргызстанда мындай операция жасатуу мүмкүнбү?
Саламатсызбы. Мен кичинемден бери өзүмдү эркек сезем. Мектепте окуп жүргөнүмдө кыздардын бардыгы юбка кийсин, деген буйрук мага оор тийген. Ошого карабастан шымчан жүрдүм.
Менин сурайын дегеним, Кыргызстанда жынысты алмаштыра турган ооруканалар барбы?
Зуфар Хакимходжаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММА доценти, уролог, андролог
Жок, Кыргызстанда кызды эркек балага айландыруу операциясы жасалган эмес. Мындан бир нече жыл мурун эркекти кызга айландыруу операциясы жүргүзүлгөн. Себеби бул биринчисине салыштырмалуу жеңил.
Жынысын алмаштыруу процедурасы бир жылдан ашык убакытка созулат. Мындай операцияны жасатууну чечкен киши алгач психиатрга кайрылып, бир курс изилдөөдөн өтөт. Психиатр бейтаптын трансгендер экенин тастыктап, акыл эси тунук, психикалык ден соолугу жакшы деген малымкат берет.
Андан кийин жарым жылдан ашык гормоналдык терапия курсу башталат. Бул мезгил аралыкта транссексуал өзүн башка жыныстагы адамдай алып жүрөт. Жарым жылдын ичинде эркек кишинин төшү чыгып, дене түзүлүшү аялдыкына окшошуп калат, ал эми кыздардыкы тетирисинче, үнү кыргылданып, менструалдык цикли токтойт.
Операция жасаткандан кийин бейтап өмүр бою гормоналдык дарыларды ичүүгө аргасыз болот. Бул өз кезегинде боор жана бөйрөккө байланышкан ооруларды козгойт.
Жынысын алмаштырган киши коомдун негативдүү реакциясына туш боло турганын эске алуусу керек. Ошондуктан психологиялык жактан даяр болгону дурус.
Мындай операция психокалык оорудан жабыркагандарга, ичимдикке же баңгизатына берилген адамдарга жана антисоциалдык жашоо образын жүргүзгөндөргө жасалбайт.