Колуңан келгенин кылып ал, деп күйөөм алимент төлөбөй жатат
Мени күйөөм ала качып алган. ЗАГСыбыз жок, алып бербей койгон. Ортобузда 2 бала бар. Ажырашып кеткенбиз, ал азыр экинчи аялы менен Москвада. Мен алиментке берип салгам. Соттун чечими менен тапкан кирешесинин 3/1 бөлүгү берилсин деп чыккан.
Бирок ал алиментти 3000 сом берем, андан ашык бербейм. Көнбөсөң адвокат жалдап, сотту андан ары создуктурам, колуңан келгениңди кылып ал, деп коркутуп жатат. Экинчи үй бүлөмдү да багышым керек, дейт.
А мен 3000 сомго макул эмесмин. Эки бала менен иштебей отурганда такыр жетпейт экен.
Алименттин так суммасын чыгартып алсам болобу? Сот аткаруучу биз менен иши жоктой. Такыр жооп бербей койду.
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Негизи соттун чечими буйрук менен чыкты беле же чечим чыгарылды беле? Эгер күйөөңүз алиментти төлөбөйм десе, сот аткаруучуга айтып, убактылуу койдуртуп, арыз жазышыңыз керек. Эгер ал өз ишин аткарбай жатса, үстүнөн даттануу жазсаңыз болот.
Балдарыңыз 3кө чыга элек болсо, өзүңүзгө кошо алимент өндүрүүгө укуктуусуз. Алименттин суммасын мындан да чоңураак кылып, суммасын көрсөтүп чыгарсаңыз болот. Ал үчүн сотко доо арыз менен кайрылышыңыз керек.
Ийгилик каалайм!