// //

Мен оорусам мага арзан дары, өз баласы ооруса ага кымбат дары алып берет

2020.02.18, 10:59
1898

Келин жаман эмес, келин алган жер жаман, деп бекеринен айтышпаса керек. Менин келин болуп келгениме 3-4 ай эле өттү. Бирок кайын энемен катуу көңүлүм калды.

Келгенден бери конок тосуп бүтпөй койдук. Күн суукта колум муздак суудан чыккан жок. Келе калып эле ооруп, деген сөздөн уялып, өзүмду жаман сезип турсам да, чыдап жүрө бердим. Дене табым көтөрүлүп, оорум күчөгөндө, кайын энем антигриппин менен парацетамол алып келип берди. Аябай сүйүнүп, мага кам көрүп жатат деп ойлодум. Бул ишти бүтүрбөптүрсүң, тигил иш чала болуп калыптыр, дегендерин да жакын кабыл алган жокмун.

Эртеси эле бекерчи кайним, түнү менен көчөлөп жүрүп ооруп калды. Акча тартыш, деп жаткан кайын энем жерден чукуп болсо да, уулуна кымбат дарынын 5-6 түрүн алып келиптир.

Жиним келди. Экөөбүзгө бирдей алып келип берсе деле болот эле го? Төркүнүмө барып дарыланып келем, десем, баланчанчы күнү үйгө келип кал, мен коноко кетем, себетиме бир нерселерди жасап бересиң, деди. Болбосо доктурга алып барганда, “кыймылдабай жатсын” деген сөздөрүн өз кулагы менен уккан.

Дагы мени өзгөрүп кеттиң, деп коет. Жакшынакай келинди, заарын чачкан жыланга айландырган өзүңөр эле экенсиңер.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.02.2020, 11:00

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Турмушка чыкканынызга аз эле убакыт болуптур. Учурда силердин мамилеңердин пайдубалы түптөлүп жаткан учур. Кайын энеңиз, сизге кандай мамиле кылса болот, эмнеси болбой турганын байкаштырып жүрөт. Унчукпай, бардыгына чыдап, ооруп калсаңыз да баспай калгыча жүрө бергендиктен, сизге өзү каалаганындай мамиле кыла берсе болот экен, деген жыйынтыкка келди.

Менде башка суроо жаралып жатат: күйөөңүз кайда? Сиз кимге турмушка чыктыңыз? Эмне үчүн ал сизге кам көрбөйт? Эмне үчүн сиз ооруп калганда дары алып келип бербейт? Эмне үчүн сиз аны менен кеңешпейсиз, жалпы абалыңыз тууралуу айтпайсыз? Эмне үчүн күйөөңүзгө “кыймылдабай жатышым керек экен” деген жоксуз?

Эмне үчун өзүмдү жаман сезип жатам, деп кайын энеңизге өз убагында айткан жоксуз?

Же, кайын энем, туугандар, эл эмне деп ойлоп калат? Жаман көрүнүп калам, деп чоочуладыңызбы? Жаман көрүнөм, деп сарысанаа болбой эле коюңуз, жазганыңызга караганда, кайын энеңиздин сизге ичи жылып кеткен жери деле жок.

Унчукпай чыдап жүрө бергендик, ден соолугуңузга жана психологиялык абалыңызга зыян. Керек болсо бактыңызга да тоскоолдук жаратат.

Азырынча жеке аймагынызды белгилеп алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Убакыттын өтүшү менен бир нерсе өзгөртүү жылдан-жылга кыйын боло баштайт.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт