// //

Жумушка кирейин десем аскердик билет керек болуп жатат. Кандай кылсам болот?

2020.02.18, 09:57
1257

Саламатсызбы! Үйдө жалгыз баламын, апам экөөбүз эле жашайбыз. Үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу 1 айлык армияга барсам болобу? Жумушка кирейин десем аскердик билет керек болуп жатат. Кандай кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.02.2020, 10:07

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

КРнын башкы мыйзамында ар бир атуулга мекенди коргоо боюнча укуктар жүктөлгөн. Укукту ишке ашырууда жеңилдетүүлөр дагы каралган. Мисалга, сиз айтып жаткан бир айлык кызмат өтөө же альтернативдүү кызмат.

Бул кызматтарды атайын тартиби бар. Бир айлык кызматка өзүңүз барышыңыз керек. Ал эми альтернативдүү кызматка акчалай төлөм төлөп турасыз.

Бирок альтернативдүү аскердик билет сиздин кире турган жумушка жарайбы, жарабыйбы билбейбиз.

Жок менин жумушума альтернативдүү кызмат өтөөнүн аскердик билети жарабайт, мен күч органдарына жумушка кирем десеңиз, бир айлык кызмат өтөшүңүз керек. Бирок бул бир айлык кызмат өтөө 25 жаштан өткөн атуулдар үчүн гана.

Бир айлык кызмат тууралуу бул шилтемеден көрсөңүз болот: https://www.youtube.com/watch?v=jOZ2EF2e_y0

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт