// //

Күйөөңүз үйдөн кууп чыкса эмне кылуу керек: юристтен кеңеш

2018.11.06, 11:11
1736

Биз укуктук мамлекетте жашайбыз, ажырашуу мыйзам чегинде чечилиши керек!

Күйөөңүздүн үйдөн кууп чыгышы – зомбулуктун бир түрү.

Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамынын 1-беренесинин 10-бөлүмүндө: “Үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, ошондой эле этибарсыз мамилеси деп көрсөтүлгөн.

Күйөөңүз айдап чыкканда сизди психологиялык жана экономикалык зомбулукка кабыл болду деп, мыйзамдуу аракет кылса болот. Тактап айтканда, жогорудагы мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык коргоо ордерин алышыңыз керек.

Коргоо ордери милдеттүү тартипте, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы белгиленген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан үч күндүк мөөнөткө берилет. Үч күндөн кийин милицияга арыз жазып, отуз күнгө узартасыз. Коргоо ордерин алуу үчүн паспорт менен никелешүү күбөлүгү керек.

Коргоо ордерин алуу же узартыруу боюнча сотко кайрылганда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 1-пунктуна таянып күйөөңүздү бирге жашаган жерден (үйүңөрдөн) убактылуу чыгарып салууну сурана аласыз.

Өз укугуңузду коргоңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт