Өзүмдү күзгүдөн көргүм келбей калды
18 жаштамын. Чекеме, бетиме, ээгиме безетки чыгып кетпей жатат. Мазь сыйпап көрдүм, таттуу, майлуу жебейм, ичпейм, тамакты ылгап жейм. Эмне кылсам болот?
Бетимди карай берип, өзүмдү күзгүдөн көргүм келбей калды.
Айнура Сагынбаева
Косметолог
Безетки оорусу негизи 11-15 жаштан баштап чыга баштайт. Пайда болуу себеби көп. Биринчиден, ал генетикалык мүнөздө болот. Алсак, эгер өспүрүмдүн ата-энесинде бар болсо, оору тукум кууп балага өтөт. Ошондой эле, организмдеги мите курттардын кесепетинен, гормондордун туура эмес иштешинен келип чыгып, майлуу терилерде көп кездешет. Безетки чыкканда көп сарсанаа болуп, ойлонбош керек, себеби ал стресстен да көбөйө берет.
Биринчиден, үй шартында дарылоого токтолсок, анда атайын көйгөйлүү терилерге арналган косметикалык каражаттарды, жуунучу гель, лосьон, тониктерди колдонсо болот. Ошондой эле бет майларды сатып алып сүйкөө керек. Эгерде булар жардам бербей, өрчүшүп кетсе дарыгер-дерматологго кайрылуу кажет. Мындай учурда дарыгер бейтапты косметологиялык процедура же сырткы кам көрүү менен дарылайт.
Дарылануу мөөнөтү 1 жылга чейин созулат. Безетки бир күндө айыгып кетүүчү оору эмес. Аны дарыласа же дарылабаса деле кетет, бирок дарыласа бат жана бетке так калтырбай айыгат. Безетки пайда болгондо, туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сүйкөп, интернеттен көрүп алып, соода менен күйгүзүп, аны сыгып же чукуу бул туура эмес. Мындай учурда безеткиден бет терисинде ар кандай тактар, тырыктар пайда болуп, аларды кетирүү абдан кыйын болот. Ошол себептен өзүм билемдик кылбай, алдын-ала дерматолог адисине кайрылыңыз.