// //

Чагылганда телефон менен сүйлөшсө болбойт. Мобилдик байланыш тууралуу мифтер

2020.02.10, 11:09
2407

Миф №1. Базалык станциялардын жанында жашаган кооптуу

Жалпысынан алганда, радионурлануу - а бул мобилдик телефондордун, теле жана радиостанциялардын, турмуш-тиричилик электр приборлорунун, Wi-Fi роутерлердин бир учурда иштешинен - базалык станциялардан келген нурлануунун үлүшү кеминде бир пайызын түзөт. Бирок, базалык станция мобилдик телефондон канчалык алыс жайгашса, ал сигналды издөө үчүн болушунча катуу иштейт, жыйынтыгында нурланууну эки эсе көбөйөт. Демек, базалык станция канчалык жакын болсо, ошончолук жакшы. 

Миф №2. Аба ырайы байланыштын сапатына таасир тийгизбейт

Нөшөрлөп жааган жаандын учурунда, радио толкундар жамгыр менен сиңирилип, сигнал алсыз болуп калат. Ошондой эле катуу шамал дагы базалык станцияларга зыян алып келиши мүмкүн, мисалы электр тогу үзүлүп кетет дегендей. 

Миф №3. Байланыштын сапаты телефондун моделинен көз каранды эмес

LTE жана HD-Voice - өнүккөн технологиялык колдоосу бар заманбап смартфондор интернетке кирүү ылдамдыгы жана таза, так үнү менен мактана алат. 

Миф №4. Чагылган түшүп жатканда телефон менен сүйлөшүү кооптуу

Сыртта күн күркүрөп жатса, чагылган уруп кетиши мүмкүн деп телефондон сүйлөшкөндөн коркосузбу? Кабатыр болбой эле коюңуз. Смартфон менен чагылгандын ортосунда эч кандай байланыш жок. Себеби смартфондун электромагниттик нурлануусунун кубаттуулугу чагылганды тартканга жетпейт, өтө эле кичинекей. Бирок, эмнеси болсо да, сыртта жүргөндө смартфонду колдонбой эле коюңуз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт