Алиментти убагында төлөй албай, кара тизмеге түшүп калдым
Саламатсызбы! 2019-жылдын эсебинен жашоо-шартыма байланыштуу алиментти төлөй албай калгам. Ошол эле жылдын жай айларында мени кара тизмеге киргизип коюшуптур. Сот аткаруучу кара тизмеден чыгуу үчүн карызды төлөө керек экенин айткан. Карыздын жарымын төлөп, сот аткаруучунун алдына бардым. Эми толук төлөсөм тизмеден чыгамбы деп сурасам, "сүйлөшөбүз да",-деп айткан. Мыйзам боюнча карызы жок болсо, кара тизмеде калышы керек деген нерсе жок экен. Бул нерсени кандай түшүнсө болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүмүнүн 15-пунктунун негизинде сот аткаруучуга карызкорду (алимент төлөп жаткан адам карызкор болуп эсептелинет) Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине убактылуу чектөө коюуга укук берилген.
Демек, алимент боюнча карызыңыз болгондуктан сизге карата убактылуу чектөө киргизилген. Ал эми ушул эле мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүндө “Карызкордун чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом аткаруу документи толук көлөмдө аткарылгандан кийин гана же болбосо өндүрүп алуучунун арызы боюнча же аткаруу өндүрүшү токтотулган учурда жокко чыгарылат. Бул учурларда сот аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө жокко чыгарылганы жөнүндө 24 сааттын ичинде токтом чыгарат. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет” деп көрсөтүлгөн.
Сиз алименттин суммасын ар дайым өз учурунда төлөп карызыңыз жок болуусу керек же өндүрүп алуучу (жубайыңыз) чектөөнү алып салуу боюнча сот аткаруучуга арыз берүүсү зарыл, ошондо сизге коюлган чектөө алынат.