// //

Сиңдим белек кылган үйдү күйөөсү бербейм деп жатыптыр. Эмне кылса болот?

2020.02.07, 11:05
1162

Саламатсызбы! Сиңдим күйөөсү менен ажырашканы жатат. Эки баласы бар. Үй сиңдимдин атында болчу, күйөөсүнө белек кылып өткөрүп бериптир. Эми күйөөсү үйдү бербейм деп жатат. Ошондо үй кимге калат? Ортолорунда ЗАГС бар, бирок үйдү ЗАГСты алганга чейин алышкан.   

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.02.2020, 11:07

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Эгер үй белек менен алынган болсо, анда бул мүлк жубайлардын ортосунда бөлүнбөйт. Анткени КРнын Үй-бүлө кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде “Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат” деп көрсөтүлгөн.

Бирок, ушул эле кодекстин 38-беренесинде  “Эгерде никенин мезгилинде жубайлардын ортосундагы мүлктүн же жубайлардын ар биринин мүлкүнүн эсебинен болбосо, жубайлардын бирөөсүнүн эмгегинен ушул мүлктүн наркынан кыйла жогору турган салымдар жасалса (капиталдык ремонт, реконструкция, кайра жабдуу ж.б.), жубайлардын ар биринин мүлкү алардын ортосундагы мүлк деп таанылышы мүмкүн” деп көрсөтүлгөн.

Демек, ошол алган мүлктү синдиңиз жолдошу менен чогуу өз алымын кошуп капиталдык ремонт, реконструкция, кайра жабдуу ж.б. жасаган болсо, анда бул жагдайды далилдеп соттук тартипте ортодогу мүлктү жалпы мүлк деп таанылышына жетишүүгө болот.



0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт