Үйдөн качып кеттим
16 жаштамын. Үйдөгүлөр менен келише албайм, аларды көргүм келбейт. Апам менен көп урушам. Окуумду Исфана шаарына которуп алдым. Каникулда үйгө келсем, кайра эле ошол көрүнүш кайталанат. Эмне кылсам болот?
Арстан, 16 жаш
Рустам Исмаилов, психолог
Урматттуу окурман, сен жалгыз эмессиң. Ата-энеси менен тил табыша албаган өспүрүмдөр көп. Мунун бир канча себеби болушу мүмкүн. Алардын айрымдары чечилсе, кээ бири чечилбейт. Бирок бул маанилүү эмес, баары бир талаш-тартыштан, түшүнбөстүктөн кутула албайсың.
Жакындар менен болгон мамиле өзгөрүп турат. Өмүр бою ызы-чуу бойдон калбайт. Убакыттын өтүшү менен ордуна келет.
Эң негизгиси сүйлөшүү керек. Канчалык көп баарлашсаң, ошончолук түшүнүүгө, ишенүүгө, жактырууга жана сүйүүгө мүмкүнчүлүк көбөйөт. Бөлүнүү менен ортодогу мамилени жакшырта албайсың, түшүнбөстүктү өрчүтөсүң. Планыңда үй-бүлөңдөн баш тартуу жок болсо, оор болгонуна карабастан алардын жанында бол.