Хиджаб салынып, эки айдан кийин чечип койдум. Мен күнөө кылдымбы?
Саламатсызбы! 11-класста окуйм. Хиджаб салынып, эки айдан кийин чечип койдум. Себеби окуганга жана жумушка киргенге мүмкүнчүлүгүм жок болуп калат экен. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны бүткөндө салынам. Баары бул чоң күнөө экенин айтышууда. Чын эле ошондойбу?
Кадыр Маликов
Теолог
Ислам түшүнүктөрүнө ылайык хиджабты чечүүгө болбойт, себеби ар бир кудайга ишенген адам кандайдыр бир жерлерде сабырдуу болуп, бир нерсени курмандык кылганды билип, тактап айтканда бир аз күрөшкөндү үйрөнө билиши керек.
Хиджабты эң эле болбоду дегенде, мисалы жашоого, ден соолукка, коопсуздукка коркунуч туулса же аргасыздан муктаж болгон учурда чечүүгө уруксат берилет. КРнын Конститутциясына ылайык динге ишенген адамдар ишенбегендер менен тең укуктуу жана дин тутунган адамдарга өздөрүнүн атрибуттарын (сакал коюу, намаз оку, баш кийим кийүү) сактоого уруксат берилет. Демек, бул Конститутциябызга ылайык кепилденген укуктар, беренелер болуп саналат.
Ар кандай кызматтарда иштеп жаткан миңдеген хиджаб салынгандар бар. Албетте, Кыргызстанда эркиндик көп экенин жана демократиялык коомдо жашап жатканыбызды эске алуу керек. Дин тутунган адам өзүн эркин сезет дегендей. Калкынын көп бөлүгү мусулмандар болгон Кыргызстанда жашап жатканыбызды жана кудайган ишенген мусулмандардын аркасынын аңдуу жок экенин, ар бир жерде укук жана мүмкүнчүлүк бар экенин эске алганда, сиздин учурда хиджабты чечүүгө болбойт.
Бир жумуш албаса, экинчисин издесе болот. Мамлекеттибиздеги светтик ЖОЖдордун көбүндө хиджаб кийгендер окуп жатат. Мен өзүм дипломатиялык академияда сабак берем, студенттердин айрымдары хиджаб салынгандар. Эч ким аларга басым жасабайт, бааларын төмөндөтпөйт.
Ошондуктан, сиз аң сезим менен хиджаб салынган болсоңуз, эч нерсе аны чечтирүүгө мажбурлай албайт. Кудайга ишенген адам сыноолордон өтүшү керек. Айрыкча, диний атрибутикалар менен байланыштуу болсо, сабырдуу болуп, күрөшүү зарыл. Исламда биз кудай үчүн бир нерсени курмандык кылабыз. Жөн жерден эч нерсе болбойт, бирок аягында сыйлык бар экенин унутпашыбыз керек.