// //

Жубайынан башка бирөө менен кошулууга болбойт. Исламдагы төшөк маданияты

2020.02.04, 15:34
8364

Бүгүнкү күндө кумар алуунун бир канча түрлөрү бар, бирок алардын айрымдарына ислам дини катуу тыюу салган. Шарият аял жана эркектин интимдик мамилесинде эмнелерге жол бербей турганын төмөндөй окуй аласыз.   

  • Күйөөсү же аялынан башка бирөө менен кошулуу. Мусулмандар үчүн аялдарга – күйөөсү менен, эркектерге - аялы менен гана кошулууга уруксат берилет. Бул адамдардан тышкары башкалар менен жыныстык катнашка баруу – ойноштук болуп эсептелтинет. Ойноштук – бул чоң күнөө.

  • Аналдык секс. Мындай табигый эмес жол менен жүзөгө ашырылган жыныстык катнашка исламда катуу тыюу салат.
  • Этек кир учурундагы секс. Эгер аялдын айызы келип жатса, аны менен кошулууга таптакыр болбойт. Пайгамбарыбыз Мухаммад минтип айткан: “Кимде-ким аял менен этек кир учурунда же артынан кошулса, ал ишенбөөчүлүк кылган болот.”
  • Бир жыныстуу катнаш. Бир жыныстагы адамдардын ортосундагы жыныстык катнашка жол берилбейт. Гомосексуализм чоӊ күнөөлөрдүн катарына кирет. 
  • Транссексуалдар менен жыныстык катнаш. Көпчүлүк окумуштуулардын айтымында, транссексуалдар менен кошулууга дагы тыюу салынат. Себеби өнөктөштүн кайсы жыныска тиешелүү экенин ачыктаган так билүү мүмкүн эмес, ошондуктан бир жыныстуу катнаш жасаганга барабар болуп калат.
  • Топтук секс. Тыюу салынгандардын катарына топтук секс дагы кирет. Тактап айтканда, үч же андан көп өнөктөштөр катышкан жыныстык катнаш. Себеби ал жакта жубайы эмес адамга жыныс органдарын көрсөтөт. Ыйык Куранда айтылган:

“Кудайга ишенген эркектерге айт, өздөрүнүн жыныс мүчөсүн коргосун. Алар үчүн таза болот. Аллах, алар эмне кылып жатканын көрүп көрүп турат. Кудайга ишенген аялдарга айт, өздөрүнүн жыныс мүчөсүн коргосун. Көрүүгө боло тургандарын эске албаганда, башкаларын көрсөтпөсүн.”

  • Зордуктоо. Көп аалымдардын пикиринде мажбурлоо жана эки тараптын макулдугусуз болгон жыныстык катнашка жол берилбейт. Мунун күнөөсү ойноштук жасагандан дагы жогору болот.
  • Зоофилия. Жаныбарлар менен жыныстык катнашка барууга таптакыр тыюу салынат.
  • Педофилия жана некрофилия. Ошондой эле педофилия менен некрофилияга (өлгөн адам менен жыныстык катнашка баруу) жол берилбейт.
  • Оралдык секс. Оралдык секске уруксат берүү (мисалы, минет) темасында аалымдардын пикирлери бири-биринен айырмаланат. Айрымдары ислам уруксат берет десе, башкалары тыюу салынарын айтышат. Бул учурда өнөктөштүн оозуна же кекиртегине уруктун түшүп кетүү мүмкүнчүлүгү талкууга алынган суроолордун сап башында турат. Бир аалымдар бул нерсени наджас (кир), ошондуктан оралдык секске тыюу салынат деп эсептесе, экинчилери  андай эмес экенин айтышат.
  • Мастурбация. Адамга анын жубайы болбогон бирөө мастурбация жасаса тыюу салынат. Эгер жубайлар алектенсе, бул учурда жол берилет. Адам өзүнө-өзү мастурбация кыла турган болсо, анда аалымдардын пикири экиге бөлүнөт: бирөөлөрү уруксат десе, башкалары тыюу салынаарын эскертишет.

Маалымат бул жерден алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт