Мектепти толук бүтүрбөй калгам. 9-класстын күбөлүгүн кантип алсам болот?
Саламатсызбы? Мен кандайдыр бир себептер менен мектепти аяктабай, 9-класстын күбөлүгүн алалбай калгам. Эмне кылсам болот?
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Эгерде белгилүү бир себептен улам толук билим алалбай калсаңыз, сырттан билим берүү мекемелеринен окуңузду бүтүрө аласыз. Бул үчүн ар бир облуска, районго, шаарга атайын кечки мектептер ачылган.
Белгилүү мөөнөткө чейин кайсы мектепте окусаңыз, ошол жерге барып, документтериңизди алып, жашаган жериңиздин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырсаңыз болот. Окууңузду бүткөндөн кийин күбөлүк аласыз. Ошол жердин мугалимдери сизге жардам беришет.
0312 61 23 40 номерине байланышып, кечки мектептер жөнүндө толук маалымат алсаңыз болот.
Сизге ийгилик каалайбыз!