Аялдын нааразы боло бергени үй-бүлөгө кандай таасирин тийгизет?
Жаңыдан таанышкан жаштар өздөрүнүн эң мыкты сапаттарын көрсөтүп, өнөктөшүнө жагууга аракет кылышат. Баш кошкондон кийин да эч нерсе өзгөрбөйт, ушу бойдон калат, деген жаңылыш пикирде болушат. Бирок жаштар баш кошкондо эмне өзгөрөт?
Бул суроого психолог Эльвира Чокоева жооп берди.
Алгачкы эки жылда жубайлар үчүн бардыгы биринчи ирет, анан жаңыдан болуп жатканы үчүн көпчүлүк көйгөйлөр “спальныйда” чечилет. Бирок бул өмүр бою созула бербейт.
Күнүмдүк тиричилик, үй жумуштары, балдардын төрөлүшү жана башка маселелер жубайлардын көңүлүн ээлеп алат. Эң кызыгы, жаш келин ар дайым жылмайып турган, назик, жумшак кыздан, эч нерсени жактырбаган, ар дайым нааразы болгон, тажаал катынга айланат.
Албетте, балдардын төрөлүшу жылдардын өтүшү аялдын келбетине өз таасирин калтырат. Бирок анын сырткы келбети эле эмес, ички жан дүйнөсү да өзгөрөт.
Психологго кайрылган эркектер төмөнкү нерселерге нааразы экенин айтышат:
- Эч нерсени жактырбаган кебете
Эмне кылбагын, бардык иштин жаман жагын таап алат. Канчалык аракет кылсаң да жактырбайт. Эч качан ыраазычылык билдирип, рахмат - деп айтпайт. Күйөөсүнүн жасагандарын анын милдети катары кабыл алат.
- Башка эркектер менен салыштырат
Кошунабыз машине сатып алыптыр, баланча жакшы табат экен, түкүнчө аялына жаңы өтүк алып бериптир ж.б. Эркектер мындай салыштырууну кемсинтүү катары кабыл алышат. Өзүнө болгон ишеними жоголот. Жубайы, үй-бүлөсү үчүн бир нерсе жасагысы келбей калат.
- Тетири ситуация
Ошол эле учурда тетири ситуация да болушу мүмкүн. Эркек келинчегин кубандыргысы келет. Мисалы: “Өзүңө бир жакшы пальто сатып алчы”, - десе “Ой, жок ай. Каяктагы пальто? Андан көрө уйга чөп алып коюшубуз керек, же балдарга бир нерсе алып алалы, же үйдүн ремонту бүтсүн анан” ж.б. Акыры күйөөсү аялына эч нерсе сунуштабай калат.
- Өзүн карабай калды
Башын да жууп албайт, ар дайым өңү өчкөн эски халат менен жүрө берет – деп нааразы болгон мырзалар да бар. Күнүгө чарчаган, жүдөгөн, кабагы ачылбаган аялын көрө берип, акыры аны сүйүктүүсү эмес, балдарынын апасы катары кабыл алып калат. Ага болгон сексуалдык кызыгуусу да жоголот.
Урматтуу айымдар, күйөөңүздү мактап, ыраазычылык билдирүүдөн тажабаңыз. Жылуу сөз ызгардуу кышта жүрөктү эргитет, дем күч берип, жаңы бийиктиктерге жетүүгө себеп болот.
Бактылуу болгула!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.