Күйөөм сен үйдө отуруп алып, акчанын баркын билбейсин дей берет.
Турмушка чыкканыма 4 жыл болду, ортобузда 2 балабыз бар. Жолдошум экөөбүз бөтөн кишилердейбиз, аялы-күйөөсүндөй болуп сүйлөшпөйбүз. Бир нерсе айтсам эле кабагы бүркөлөт.
Түшүнүп турам, үйдө балдарды карап отургандыктан андан көп нерсе күтөм. Эркелегим келет, жылуу мамиле кылуусун каалайм. Анын ордуна ал: сен үйдө отуруп алып, акчанын баркын билбейсиң, дей берет. Акчаны кудайга шүгүр, жакшы эле табат. Бирок мага же балдарга жарытып кийим алып бербейт, эч жака алып барбайт. Тапканын бүт апасына карматат.
Мындай көрүнүшкө нааразычылыгым артып, күйөөмөн көңүлүм калып баратат. Эмне кылышым керек?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Жолдошуңуз менен бирге отуруп, чер жазышып сүйлөшпөйт экенсиңер, бири-бириңердин абалыңарды сурабайсыңар, иштериң кандай, деп кызыкпайсыңар. Демек, чынында эле экөөңөр бөтөн кишилердей болуп калдыңар. Күйөөңүз сиздин каалоолоруңузду талап катары кабыл алып жатат.
Ал эми апасы менен мамилеси жакшы. Ал ага кам көргөн жана тарбия берген. Бул күйөөңүздүн эң жакын адамы.
Ошол эле учурда акчанын баркын билбейсиң, деп күнөөлөгөнү туура эмес. Биринчиден, сиз жөн эле отурган жоксуз, сиз чоң иш жасап жатасыз. Бул эки баланы күнү-түнү багуу жана тарбия берүү. Экинчиден, аялына жана бала-чакасына кам көрүү анын түздөн-түз милдети.
Өзүңүздүн жүрүм-турумуңузду байкап көрүңүз. Сиз убакыттын бардыгын балдарга бөлүп, өзүңүз, күйөңүз тууралуу унутуп койгон жоксузбу?
Алгач өзүңө көңүл бөлүү керек. Көтөрүңку маанайда болуңуз. Ал үчүн жаккан иштерди жасаңыз, же жөн гана эс алыңыз. Жолдошуңузга да көңүл бөлүп массаж жасап берүүнү сунуштаңыз.
Бул дароо бир заматта боло калчу иш эмес. Убакытты талап кылган узак процесс. Бирок натыйжасы ошого тете.
Үй-бүлө – бул биринчи кезекте жоопкерчилик.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.