// //

Өзүңдү-өзүң канааттандырсаң болобу? Сексолог жооп берет

2020.01.30, 12:57
5420

“Өзүңдү өзүң канааттандырсаң болобу?”, “Мастурбация кылган зыян эмеспи?” “Анын ден соолукка терс таасири тийбейби?” “Күнөө болбойбу?” – мындай суроолор Bilesinbi.kg редакциясына көп келет. Бул суроолорго жооп алуу үчүн адситерге кайрылдык.

Өспүрүм куракта бул норма

Сексолог Наталья Ивахниктин айтканына караганда өзүн-өзү канааттандыруу бул ырахат алуунун эң примитивдүү жана жөнөкөй жолу. Илимий тилде - мастурбация деп айтылат.

Мастурбация өспүрүм куракта норма болуп саналат. Анткени, бул сексуалдык өнүгүүнүн бир этабы. Жалгыз бой жашаган чоң адамдар үчүн да мастурбация керек. Ал сексуалдык чыңалуунун бошотууга жардам берет.  

Андан тышкары, үй-бүлөсү же туруктуу жыныстык өнөктөшү бар, бирок экөөнүн интимдик жашоосу канаттандыраарлык болбогон учурда да адамдар мастурбация жасашы мүмкүн. Мындайда мамилени башка нукка буруп, өзгөртүп же жаңылык киргизип сезимдерди ойготуу зарыл. Анткени түгөйлөрдүн ортосундагы бири-бирине кызыгуу төшөктө эле эмес, андан сырткары да болууга тийиш. Бири-бириң менен сүйлөшүп, үйдөгү жумуштарды бирге аткарып, сыртка чыгып сейилдеп ж.б.

Жыныстык өнөктөшүңуз бар туруп, өзүңдү-өзүң канааттандырууга өтө баштасаң, демек, бул ситуацияны, ортодогу мамилени оңдоо керек. Демилгени өз колуңа алып, активдүү болууга умтулуу зарыл.

Мастурбация физикалык жактан ден соолукка чоң таасирин деле тийгизбейт. Бирок психологиялык жактан алып караганда, адамдарда өзүн-өзү күнөлөө, ирээнжүү сезими пайда болуп, жан дүйнөсү бөксөрүп калгансыйт.  

Онанизм оорусуна алып келет

Ал эми уролог Мирлан Айбашевдин сөзү боюнча, эркектин узак убакытка чейин мастурбация кылышы, онанизм оорусуна алып келет. Жаштайынан жасап көнүп калган адаттан кийин арылуу кыйынга турат.

Адатта анын кесепети простатит же импотенцияга себепкер. Андыктан бул адатты таштоо керек. Өз алдынча арылуу колдон келбесе, урологго кайрылса болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт