Башкага турмушка чыксам балдарымды алып алды. Эмне кылам?
Саламатсызбы! Биринчи турмушуман бир уул, бир кызым бар. Экөөнү тең өзүм багып карачумун. Кийин турмушка чыктым, анан баламды атасы алып кетип калды. Көпкө чейин көрсөтпөй жүрдү, азырда менден алыстатып көрсөтпөйт. Азыркы жолдошум менен эки жылдан бери балалуу боло элекпиз. Балалуу да боло албайт экенбиз. Ажырашып балдарды өзүмө алсам болобу? Буга кандай тоскоолдук болот? Балдарымдын атасы каршылык көрсөтө алабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Ажырашуунун кажети деле жок. Сиздин башкага турмушка чыкканыңыз, энелик укуктан ажырады дегенди түшүндүрбөйт.
Ажырашпай эле, балдарыңызды көрүүгө, аларды тарбиялоого, бирге жашоого толук укугуңуз бар, эгер ата-энелик укуктан ажыратылган эмес болсоңуз.
Балдарымды көрсөтпөй жатат, деп жазып жатпайсызбы. Биринчи ушул көйгөйдү чечүү керек. Ал үчүн сиз балдарыңыз жашап жаткан жердеги, аймактык социалдык министирликтин, Балдарды коргоо бөлүмүнө арыз менен кайрыласыз. Алардын кызматкерлери мурунку жолдошуңузга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эгер ага көнбөсө, сизге жооп иретинде кагаз берет. Мындайча айтканда “жолдошуңуз макул болгон жок” деген кагаз.
Анан, ошол кагаз менен сотко, балдарды алуу же балдардын жашоо ордун сиз менен белгилеп берүү жөнүндө арыз менен кайрылсаңыз болот.
КРнын Үй-бүлө кодексинде мындай маселелер каралган.
Эгер өзүңүз эптей албайм десеңиз, мамилекетик жактан кепилденген юридикалык жардам алсаңыз болот.